Бизнес өкүлдөрү Кыргызстандагы инвестициялык климатты талкуулады

  • 2 года мурун

14-декабрда Economist.kg финансылык басылмасы «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк барбы?» аттуу тегерек стол өткөрдү. Бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү инвесторлордун Кыргызстанга этият мамиле жасап жатышы өлкөнүн экономикасына да таасирин тийгизген саясий туруксуздуктан улам да болуп жатканы белгилешти.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков  быйылкы өкмөттүн саясаты бир топ белгисиздикти жаратканын жана инвесторлор тынчсыздануу менен мамиле жасап жатканын айтты.  

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев инвестиция жөнүндө сөз болгондо жарандыр эмнегедир дайыма чет элдик инвестицияларды түшүнөрүн айтат. Ал эми чет элдик инвестиция Кыргызстанга качан гана ата мекендик инвестиция иштей баштаганда келерин белгиледи.

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарев «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк барбы?» деген суроого жооп берүү үчүн биз ички, тышкы чөйрөнү талдап, бизнеске эмне жагарын, эмне жакпай турганын көрүшүбүз керек. Бизнес жөнөкөй эле аксиомаларды –  туруктуулукту, бизнести коргоонун кепилдигин, так жана туруктуу эрежелерди жакшы көрөрүн белгиледи.

Сүрөт: Ekonomist.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты