Биз тоолорду сактоону дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү аракетиндебиз. Тоолор күнү менен куттуктоо

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, кыргызстандыктарды Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады.

“Кыргызстандын демилгеси аркылуу БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн 77-сессиясында тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүнү илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн таануу менен “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алганын билесиздер. Анын алкагында 2023–2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланганы белгилүү.

Бүгүн биз мөңгүлөрдүн эрүүсүнөн, тоолордун булгануусунан, табигый кырсыктардан, экстремалдык аба ырайы шарттарынан, суу ресурстарынын жетишсиздигинен, жердин чөлгө айланышынан, тоолуу жайыттардын деградациясынан жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушунан улам, олуттуу чакырыктарга туш болуп жатабыз. Биз тоолорду сактоону дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү, глобалдык жана аймактык чакырыктарга биргелешип жооп кайтаруу үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү аракетиндебиз. Мындан тышкары, учурда Кыргызстан башка мамлекеттер менен биргеликте ак илбирсти коргоо боюнча демилгелерди алдыга жылдырып жатат” деп айтылат куттуктоодо.

Бүгүн, 11-декабрь, эл аралык тоолор күнү белгиленип жатат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты