Битумду мыйзамсыз саткандар колго түштү

  • 2 года мурун

Мунай заттарын 60 миң сомго сатып жаткан жеринен транспорт министрлигинин №38 ДЭПинин битумдук чуңкурунун башчысы А.Т.Т. кармалды.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК)  басма сөз кызматы билдирди.

Ал мамлекеттин балансында турган битумду тынымсыз сатып келген.

УКМК 27-июнда транспорт министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы №38 ДЭП, мамлекеттин балансында турган битумду мыйзамсыз саткан кызматкерлерине карата чараларды көрүү өтүнүчү менен Кочкор-Ата шаарынын тургуну,  Т.И.Д. аттуу жараны кайрылган. Кайрылуу учурунда А.Т.Т. 1 тонна битумду 60 миң сомго сатам деп Т.И.Д.ге убада кылган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты