Бишкектин түндүк айланма жолунун долбоору талкууланды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын айланма жолдорунун схемасынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. 

Жыйынга транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү Бишкек шаарынын 34 км созулган түндүк айланма жолун куруу долбоорунун бетачарын тартуулады. Долбоордо транспорт түйүндөрү, тротуарлар, жөө жүргүнчүлөр үчүн бир катар өтмөктөр каралган.

Акылбек Жапаров долбоорду, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк вариантын иштеп чыгып, техника-экономикалык негиздемени даярдоону тапшырды. 

Ошондой эле ал жолдорду оңдоо жана куруу иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, анын ичинде Баткен облусунун аймагындагы унаа жолдорун кыска мөөнөттө оңдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты