Бишкектин Үсөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-июлда,  «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы 2025-2026-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында Үсөнбаев көчөсүндөгү Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин жылуулук тармагын кайра төшөө үчүн пландык оңдоо иштерин баштайт.

Бул тууралуу Бишкек мэрияся билдирди.

Буга байланыштуу аталган жолдун жогоруда аталган бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Диаметри 273 мм болгон бул жылуулук тармагы 1979-жылы ишке киргизилген, 46 жыл иштегенден кийин тармак өзүнүн стандарттык кызмат мөөнөтүн толук түгөтүп, тез арада алмаштырууну талап кылат.

“Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспорт менен жүрүүнү суранат.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты