Бишкектин “Мурас ордо” конушунда үй тибиндеги бала бакчанын ачылышы болду

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Мурас-Ордо конушунда үй тибиндеги бала бакчанын ачылышы кечээ, 1-июнда өттү. Ага балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева да катышты.  

Президенттин сайтында маалымдалгандай, Ысык-Көл облусунда, Баткен облусунда үй тибиндеги экиден бала бакча, Ош облусунда, Нарын облусунда да үй тибиндеги бала бакча ачылат.

Маалыматта айтылгандай, республика боюнча жалпысынан 138 үй тибиндеги бала бакча бар. Бишкек шаарында, айрыкча бала бакчалар жана аларды куруу үчүн жер тилкелери жетишсиз жаңы конуштарда үй тибиндеги 43 бала бакча мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтөт. Ош шаарында жана Ош облусунда — 18, Баткен облусунда  — 12, Нарын облусунда — 8, Талас облусунда — 8, Чүй облусунда — 24, Ысык-Көл — 12 жана Жалал-Абад облутарынла үй тибиндеги 13 бала бакча иштей баштады.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты