Бишкектин “Мурас-Ордо” конушунан Ош базарына чейин №43 каттам ишке кирди

  • 6 месяцев мурун

15-декабрдан тартып “Мурас-Ордо” конушунун тургундарына ыңгайлуу шарт тузүү максатында Ош базарына чейин жаңы №43 каттам ишке киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Аталган каттамды эми “Исузу” үлгүсүндөгү кичиавтобустар тейлейт.

Мурас-Ордо – Ош базары аралыгында Ош базар тарапка бара жатканда Манас көчөсү, Почта көчөсү, Фрунзе көчөсү, Айланып өтүүчү жол, Юбилей көчөсү, Ленский көчөсү, Чүй проспектиси менен бара жатып, Бейшеналиева көчөсүнө түшөт, ал эми “Мурас-Ордого” кайтып келе жатканда Москва көчөсү менен Фучик көчөсүнө чыгып, багытын улантат.

Бишкектин “Мурас-Ордо” конушунан Ош базарына чейин №43 каттам ишке кирди


Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты