Бишкектин Медеров көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарында Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жол оңдоо иштери алкагында, жол тилкесинин эски катмары сыйрылып, эки катмар асфальт басылды. Андан сырткары жолдун эки четиндеги бордюр алмаштырылды. Ирригация тутуму ирээтке келтирилди.

Алдыда жарыктандыруу тутумун жаңылоо, аялдама комплекстерин куруу сындуу кошумча жумуштар жасалат.  Ошондой эле бардык жол белгилери чийилип, керектүү белгилер орнотулду. Жол айрым жерлерде беш тилкеге чейин кеңейтилип, кесилиштерде бурулуштар үчүн кошумча тилкелер каралган.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты