Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды
- 12 месяцев мурун
Бишкек шаарында Лев Толстой көчөсүнүн Элебаев көчөсүнөн И. Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон соң унаа кыймылы үчүн ачылды.
Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тыгындарды азайтуу максатында айрым кесилиштердин алдында оңго бурулуш үчүн өзүнчө тилкелер каралган — мындай ыкма акыркы эки жылда капиталдык оңдоодон өткөн башка борбордук көчөлөрдө да колдонулуп келет. Унаа токтотуучу жайлар ачык бойдон калды.
Учурда Панфилов көчөсүнөн Акиев көчөсүнө чейинки бөлүктө оңдоо иштери уланууда. Ошондой эле республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына бурулуштан Манас проспектисине чейинки бөлүк толугу менен жабылып, 2-сентябрга чейин кыймыл үчүн жабык болот. Бул жерде жылуулук түтүктөрү жаңыланууда.
2025-жылдын ичинде Лев Толстой көчөсүн Фрунзе көчөсүнө чейин толук оңдоо пландалууда. Ал эми Акиев менен Бакаев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүк азыркы оңдоо иштерине кирбейт, анткени бул тилкеде транспорттук түйүндүн курулушу боюнча долбоор даярдалууда.
Сүрөт: Бишкек мэриясы




