Бишкектин Калинин көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
- 1 месяц мурун
11-октябрда Бишкек шаарынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн расмий ачылды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. “Жибек-Жолу проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Буга чейин жол эки тилкелүү болсо, азыр төрт тилкеге чейин кеңейтилип, жол тыгынын бир топ азайтты. Андан сырткары, Жибек-Жолу проспектиси менен кесилиши жети тилкеге чейин кеңейтилип, борбор калаадагы эң кыймылдуу кесилиштердин биринин өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулады” деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




