Бишкектин “Көк-Жар” конушунда өрт чыкты
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарынын Октябрь районунда Көк-Жар айылынын Нурмамбетов көчөсүндө турак үйдөн өрт чыкты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Тилсиз жоого 4 унаа, штаб тартылды. Өрт саат 11:40та чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
Маалымат толукталды. Өрт саат 14:27де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол менен 300 чарчы метрди түзгөн.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




