Бишкектин Фрунзе көчөсүнүн дагы бир бөлүгү убактылуу жабылат
- 1 месяц мурун
Бишкекте жолду реабилитациялоо долбоорунун алкагында Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн Сүйүнбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштеринин негизги бөлүгү аяктап, жол кыймылы үчүн ачылды.
Курулуш иштеринин жүрүшүндө жолдун эски асфальт-бетон катмары алынып, жолдун негизин бекемдөө, инженердик тармактарды оңдоо, жаңы асфальт төшөө жана жол инфраструктурасын жаңылоо иштери аткарылат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, убактылуу киргизилген жол кыймылынын өзгөрүүлөрүн эске алууга чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




