Бишкектин Чүй проспектисинин айрым бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана аларды өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын Чүй проспектисинин айрым бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Бул тууралаа Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Чектөө 27-августта саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Чыңгыз Айтматов проспектисинен (мурдагы Манас проспектиси) Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө болот.

Убактылуу чектөөлөр эл аралык иш-чараларга катышуучулардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочулардан убактылуу чектөөлөрдү эске алып, каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүк болсо альтернативдүү жолдорду тандоону өтүнөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты