Бишкектин Чүй проспекти — Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы ачылды
- 1 год мурун
Бишкекте Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэрисы билдирди.
Бул тилкеде эки катмар асфальт төшөлдү. Автобус каттамдары мурдагы жол кыймылы менен каттай баштайт.
Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы 23-августтан тартып оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




