Бишкектин бир катар райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат

  • 1 год мурун

Бишкекте эртең, 7-октябрда, саат 9:00дөн 24:00гө чейин үйлөрдө, мектеп, балдар бакчалары, саламаттык сактоо жана башка социалдык-чарбалык объекттеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Суу Жунусалиев көчөсүнөн Гагарин көчөсү менен Асаналиев көчөсүнө чейин, андан ары  Жазыйра көчөсү менен Чортеков көчөсүнө чейин, Чортеков көчөсүнөн Айни көчөсүнө чейин, андан ары Муромский көчөсүнөн Өмүр көчөсүнө чейин, андан кийин Алыкулов көчөсүнө чейин, Алыкулов көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнөн Курсант көчөсүнө чейин, Курсант көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин, Гагарин көчөсүнөн Торугарт көчөсүнө чейин. Торугарт көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин, Лев Толстой көчөсүнөн Акиев көчөсүнө чейин, Акиев көчөсүнөн 8-линия көчөсүнө чейин, андан ары Охот, Волгоград чолок көчөлөрүнөн, Ала-Арча дайрасына чейин. Ала-Арча дайрасынан Жунусалиев көчөсүнө чейин, Жунусалиев көчөсүнөн Балтагулов көчөсүнө чейин, Жунусалиев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин.  

Суунун өчүрүлүшү Гагарин, түштүк-батыш суу алгычтарында жана шаардык суу түйүндөрүндө ремонт иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу.  

«Бишкек  суу канал» ишканасы шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Бишкектин бир катар райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Схема: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты