Бишкектин бир бөлүгүндө эртең суу убактылуу өчүрүлөт

  • 1 месяц мурун

Бишкекте эртең, 28-апрелде саат 9:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, Чоң Чүй каналы (ЧЧК) жана Саадаев көчөсү. Анын ичинде: «Красный Строитель»,  «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик» жана «Салам Алик» конуштары.

Суу «Түндүк» суу топтомосунда авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең суу убактылуу өчүрүлөт



«Бишкек сууканал» муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт, ишканаларды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

 «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүлүшү тууралуу эскертмелерди ала аласыз.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты