Бишкектин башкы архитектору камалды

  • 10 месяцев мурун

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев камакка алынганын 9-октябрда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, анын бөгөт чарасы 6-октябрда каралды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, Карыбаев 16-октябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын башчысы кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча шектелип жатканы кабарланууда.

Урмат Карыбаев бул кызматка былтыр июнь айында дайындалган. Анын кармалышы боюнча жактоочулары комментарий берише элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты