Бишкектин “Ак босого” конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

  • 8 месяцев мурун

30-октябрда  саат 9.00дөн 20:00 гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүү району:  «Ак Босого»  конушу, анын ичинде: №81 орто мектеп, №13 ҮБД, №2  мектепке чейинки “Алтынай” билим берүү мекемеси, №15 жергиликтүү милиция бөлүмү, №16 МАБ.

Ичүүчү суу «Ак Босого-1» , «Ак Босого-2» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртеп камдап алышын суранат.

Бишкектин “Ак босого” конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты