Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

  • 9 месяцев мурун

Бишкекте 23-сентябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү өчүрүлөт.

Бул тууралуу Бишкек мриясы билдирди.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
* Темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү,
* Темир жол линиясы — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский көчөсү — Бектенов көчөсү — Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-Апрель көчөсү.

Көк-Жар суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкек суу канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты