Бишкектин айрым райондорунда 10-июнда суу өчүрүлөт
- 1 неделя мурун
Эртең, 10-июнда, Бишкектин айрым үй, мектеп, балдар бакчалары, саламаттык сактоо жана социалдык-турмуш тиричилик жана өнөр жай объекттеринде сүү өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор шаардын мриясы билдирди.
Өчүрүү райондору: Бердибаев көчөсү-Айылчиев көчөсү-Жайыл баатыр көчөсү.
Сууну өчүрүү аталган жерлерде 200 мм түтүктөрдү орнотуу ишине байланыштуу.
“Бишкек суу канал“ мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана элди жана уюмдарды сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү