Бишкектин айрым көчөлөрүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 1 месяц мурун
9-октябрда саат 9:00 — 20:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүү төмөнкү көчөлөрү менен чектелет: Манас проспектисинен – темир жол линиясы Ала-Арча дарыясына чейин, Ала-Арча дарыясы менен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Бөкөнбаев көчөсү менен Кулиев көчөсүнө чейин, Кулиев көчөсү менен Москва көчөсүнө чейин, Москва көчөсү менен Дмитров көчөсүнө чейин, андан ары Орозов көчөсү менен Казаков көчөсүнө чейин, Казаков көчөсү менен Ден Сяопин проспектисине чейин, Ала-Арча дарыясына чейин, Ала-Арча дарыясы менен Жибек Жолу проспектисине чейин, Жибек Жолу менен Жаш Гвардия бульварына чейин, андан ары Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү менен Турусбеков көчөсүнө чейин, Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисине чейин, Чүй проспектиси менен Манас проспектисине чейин, Манас проспектиси менен темир жол тилкечине чейин.
Ичүүчү суу «Батыш- 2» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




