Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт
- 3 недели мурун
Эртең, 21-майда, саат 9:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүү аймагы: Байтик баатыр көчөсү – Түштүк Чоң Чүй Каналы – Ала-Арча суусу – Саманчин көчөсү – Байтик баатыр көчөсүнүн батыш тарабы – Ала-Арча 3 шаарчасы.
Суу берүү 10-кичи суу түтүгүндөгү аварияга байланыштуу өчүрүлөт.
Учурда МИК аймагындагы казылган чуңкурда агып жаткан жерди аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: shutterstock.com
Муну бөлүшүү




