Бишкектин айрым аймактарында эртең убактылуу суу өчүрүлөт

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарында эртең, 14-июлда, саат 09:00дөн 15-июль саат 08:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүү району: Асанбай кичи району (Куттубаев көчөсүнөн Сухэ Батор көчөсүнө чейин), 6-кичи район, 5-кичи район толук эмес, 8-кичи райондун түштүк тарабы, Ала-Арча-1, Ала-Арча-2, Ала-Арча-3 турак жай шаарчалары, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Француз кварталынын батыш тарабы, Газпром мектеби, Асанбай 40/1. 8-кичи райондо суунун басымы төмөндөйт.

Суу берүүнүн токтотулушу — суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

Бишкектин айрым аймактарында эртең убактылуу суу өчүрүлөт



“Бишкек суу канал” ишканасы  мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты