Бишкектен 180 пакистандыкты Лахор шаарына атайын учак менен алып кетишти

Пакистандын 180 жаранын салып Бишкектен чыккан учак Лахор шаарына жетти. Бул маалыматты Пакистандын Жарандык авиация агенттиги «Машаал» радиосуна билдиргенин “Азаттык” жазды.

Маалыматка ылайык, 180 кишинин ичинде 140 студент, калганы Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн пакистандыктар. Алардын арасында 18-майга оогон түнү Бишкектеги башаламандыкта жараат алгандар да бар.

Исламабаддын мамлекеттик PTV телеканалы келген жарандарды Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви тосуп алганын көрсөттү. Бул студенттер өз эсебинен учуп келишкенин, ал эми 19-майдан баштап Кыргызстандагы жарандарды алып кетүү боюнча атайын каттам болорун жергиликтүү медиа кабарлады.

17-май күнү кечинде Бишкек шаарында, Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги конок үйдүн биринин жанында 100дөн ашык киши топтолду. Социалдык тармактарда тараган видеолордо турган адамдардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетип жатканын көрүүгө болот.

17-майда кечинде Интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазып чыгышты.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми тоноочулук фактысы боюнча арыз менен: 2004-жылы туулган Э. А. денесинен жаракат алып, 2003-жылы туулган Х.А. 1250 АКШ долларын жана «Айфон-15 ПроМакс» үлгүсүндөгү телефонун алдырып жана 2003-жылы туулган А.М. 1550 АКШ долларын жана барсеткасын алдырып жибердим деп кайрылышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында, Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-майда кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

Чогулгандар Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү талап кылышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң чогулгандар тарап кетишкен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты