Бишкектеги шаардык балдар ооруканасында эки жашар бала чарчап калды

  • 4 месяца мурун

Бишкектеги шаардык тез жардам балдар ооруканасында эки жашар бала чарчап калды.

Бул тууралуу баланын апасы кабарлады.

Баланын дене табы 38,9 га жетип, дем алуусу кыйындап, ооруканага кайрылышкан. Ооруканага баргандан кийин эки сааттан кийин дарыгерлер баланын чарчап калганын билдиришкен.

Баланын апасы дарыгерлер жакшы көңүл бурбай, шалаакылык кылып, ошондон улам баласы чарчап калганын билдирди.

“Баланы көтөрүп №3 балдар ооруканасына кирдим. Медайым укол сайып, ингаляция жасады. «Кичине жакшы болуп калды» деди. Ошондо деле дем ала албай кышылдап жатты. Жасалма дем алуу беришти. Ооруканага жаткырыш керек дешти. Баламдын оозу көгөрүп баратты. Жолдошум баланы көтөрүп, реанимацияга алып кирип кетишти. Мени да бала тууралуу маалымат бер деп алып киришти. Балам “апа” деп кыйкырып жатты.. Саат 15:30 да кирди балам реанимацияга, саат 17:30 да баламды чарчап калды” дешти. Рентгенге түшүргөндө «пневмония да жок болуп чыкты, бир нерсе да жутуп алган эмес” деди апасы.

Оорукананын башкы врачы Акылбек Маманов баланы 13-январда ооруканага алып келишкенин, “курч респиратордук вирус, курч стеноздуу ларинготрахея” диагнозу коюлганын,  дарылоо протоколдун негизинде жүргүзүлгөнүн, реанимацияга жаткырылганын, баланын абалында оңолуу байкалганын, бирок аракеттерге карабастан, бир сааттан кийин бала чарчап калганын  ЖМКга билдирди.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунда кылмыш иши ачылып, иликтөө башталганы маалым болду.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты