Бишкектеги DAAD регионалдык кеңсесинин иши баштала турганы кабарланды

  • 1 месяц мурун

Жакын арада Германиянын академиялык алмашуу кызматынын DAAD регионалдык кеңсесинин Бишкектеги иши башталат.

Бул тууралуу Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) Борбордук Азиядагы регионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, доктор Гизела Циммерманндын 10-январдагы жолугушуусунда айтылды.   

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен DAAD ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Элчи Текебаев Кыргызстан үчүн бул кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, Германияда билим алып, илимий изилдөө жүргүзө ала турган кыргызстандык студенттер, аспиранттар жана жаш окумуштуулар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи. Кыргызстандын ЖОЖдорунун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатууга Германиянын ЖОЖдорунун кошкон зор салымы да белгиленди.

Доктор Г.Циммерманн Кыргызстан жана башка Борбордук Азия өлкөлөрү менен ийгиликтүү кызматташууну улантуу ниетин тастыктады. Ошондой эле жакын арада Бишкектеги DAAD регионалдык кеңсесинин иши баштала турганын билдирди.

Бишкектеги DAAD регионалдык кеңсесинин иши баштала турганы кабарланды

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты