Бишкектеги Чыгыш автобекети мэриянын карамагына өттү

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү борбор калаадагы «Чыгыш автобекетинин имаратын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун долбоорун жактырышты.

Бул тууралуу Министрлер кабинети сайтында жарыялады.

Ошондой эле Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаарындагы аянты 1,14 га, болгон тиешелүү жер участогу менен мамлекеттик менчикте турган административдик имаратты мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине акысыз өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алынды. 

 “Бишкек жылуулук тармактары” мекемесинин филиалдарын жана ошондой эле, Бишкек жылуулук электр борборун мэриянын карамагына өткөрүү боюнча маселе да жактырылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты