Бишкектеги «Айкөл Манас» монументин реконструкциялоо иштери башталды
- 4 недели мурун
Бишкекте «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан «Айкөл Манас» монументин реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты – статуяны жаңыртуу жана модернизациялоо, ошондой эле анын конструкциясын бекемдөө жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу.
Реконструкциянын негизги этаптары төмөнкүлөрдү камтыйт:
Монументтин постаментинин толугу менен жаңыланат;
Жер төлөө бөлүгүнүн конструкциялары бекемделет;
Реконструкция иштери бекитилген долбоорго жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бардык этаптар архитектуралык нормалардын негизинде ишке ашып, «Айкөл Манас» монументин улуттук мурас катары маданий маанисин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.
Белгилей кетсек, Манастын эстелиги рекострукциялоо учурунда сактоого өткөрүлүп берилет.