Бишкектеги №67 мектепте бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок  

  • 1 год мурун

Бишкектеги № 67 окуу-тарбия комплексинде бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Милиция кызматкерлери эвакуацияланган окуучуларга мектепке кирүүгө уруксат берди.

Буга чейин  Бишкек шаарындагы аталган окуу-тарбия комплексинде окуучуларды эвакуациялашкандыгы тууралуу маалымат ЖМКда жарыяланган.

Маалыматтарга караганда, анын себеби мектептин электрондук почтасына имаратка мина коюлганы тууралуу кабар түшкөн. Мектеп жетекчилиги бул тууралуу милицияга кабарлаган. Окуучу балдарды мектептин стадионуна алып чыгышкан.  

Кыргызстанда «бомба коюлду» деп жалган маалымат тараткандарга Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси, тактап айтканда, «Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо» айыбы боюнча кылмыш иши козголот. Анда айыппул төлөп, кара жумушка тартуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жазалар каралган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты