Бишкектеги №1 бейтапканада ийне сайгандан кийин 55 жаштагы бейтап көз жумду

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 26-декабрда, Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда антибиотик дары сайгандан кийин 55 жаштагы бейтап көз жумган.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бейтап аялга булчуңуна экстенбензатин аттуу дары  сайылгандан 2-3 мүнөттөн кийин, башы айланып, аба жетпей, эриндери көгөрүп, эс-учун жоготуп койгон.

Ага токтоосуз жардам көрсөтүлгөндүгүнө карабастан каза болуп калган.  

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бейтап жашаган жеринде жүрөк дарты боюнча кардиоревматологдун көзөмөлүндө болуп турган.

“Антибиотк дарыны врач жазып берген, бейтап мурда да ал дарыны пайдаланып жүргөн. Бул антибиотик дары Кыргызстанда катталган, сапаты текшерүүдөн өткөн. Бейтаптын каза болушунун себеби иликтенүүдө” деп жазылган министрликтнн басма сөз кызматы.

Дары-дармек департаменти жыл башынан бери дары-дармек каражаттарын өз алдынча колдонуу, өзүн- өзү дарылоо жана бактерияга каршы дары-дармектерди өз алдынча пайдалануу көрүнүштөрү көбөйүп жатканын белгиледи.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты