Бишкекте жол кырсыгынан машина экиге бөлүнүп, каза болгондор бар 

  • 1 год мурун

Бишкекте 21-январдан 22-январга караган түнү жол кырсыгынан эки киши каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу кайгуул милициясы ЖМКга билдирди.

Маалыматтарга караганда, кечээ, 21-январда, болжол менен саат 23:30да Түштүк магистралда “Киа Соренто” машинасынын айдоочусу катуу айдап бара жатып, жарнама тактасынын алдына урунган. Кырсыктаган машина экиге бөлүнүп калган. Жол кырсыгынан экөө каза болуп, дагы экөө жаракат алгандыгы маалымдалды.

Социалдык тармактарда жол кырсыгынын видеосу жарыяланды.  

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты