Бишкекте жол киренин кымбаттатылган тарифи: Азырынча ишке ашырылбайт

  • 4 месяца мурун

Бишкек шаарында жол киренин жогорулатылган тарифи 15-январдан баштап ишке киргизилбейт. Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы кабарлады.  

Буга чейин Бишкекте 2024-жылдын 15-январынан тартып коомдук транспортто жол кире акысы кымбаттай турганы, Бишкек шаардык кеңеши 27-декабрдагы жыйында кабыл алганы кабарланган.

  2023-жылдын 27-декабрында бекитилген токтомго ылайык, тарифтер троллейбуста — 17 сом;

-автобуста — 17 сом; маршруттук автобустарда -20 сом болмокчу.

Накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө жол киренин баасы 11 сом бойдон калат.

Бишкек мэриясы кабарлагандай, шаардын кеңештин бул токтому азырынча бекитиле элек. Каникул жана жаңы жылдык эс алуулардан улам, Бишкек шаардык кеңешинин жол киренин кымбаттай турган тарифи бекитиле элек.  Ошонодон улам 2024-жылдын 15-январынан тартып жол кире кымбаттабайт, аталган баадагы жол кире кийинчерээк ишке киргизилет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты