Бишкекте январдан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте 2024-жылдын январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы кымбаттайт. Тиешелүү токтомду Бишкек шаардык кеңеши 27-декабрдагы жыйында кабыл алды.

Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө жол киренин баасы 11 сом бойдон калат. Калган сумманы муниципалитетке Mega мамлекеттик компаниясы төлөйт. Кичи автобустардагы (маршрутка) жол кире акысы 20 сомго көтөрүлөт.

Жаңы тариф токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты