Бишкекте жети автобус каттамынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү

  • 4 месяца мурун

Бишкек шаарында 2025-жылдын 6-августунан тарта 7 автобустук каттамдын кыймылынын схемасы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай,  № 8Т, № 23, № 80, № 227, № 204, № 134 жана № 18 автобустардын кыймыл схемасы өзгөртүлдү.

Лев Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Т.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу кыймыл схемасы өзгөртүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы бул жагдайга түшүнүү менен кабыл алууну, тыгындарды болтурбоо үчүн жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну  өтүнөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты