Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

2000ден ашык катышуучу жана жеңишке болгон өзгөчө эрки үчүн атайын сыйлык

Кечээ, 1-майда, Бишкек шаарында борбор шаардын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өттү.Ага 2 миңден ашфк катышуучу катышты.  

Веложүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында марага жетишти. Маршруттун жалпы узундугу 5,5 км түздү.

Иш-чарага кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген шаар тургундары да катышты. Жалпысынан 2000ден ашуун велосипедчи катышты. Марада коноктор үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулду.

Веложүрүшкө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, бардык аралыкты басып өттү. Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана шаардык кызматтардын жетекчилери да катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө шаар башчысы мэрия спортту өнүктүрүүнү туруктуу колдоп, велосипедчилер үчүн шарттарды түзүп жатканын, шаардагы веломаданиятты калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле майыптыгы бар  катышуучуга кайраттуулугу үчүн акчалай сыйлык тапшырылды.

Спорттук иш-чараны  Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Бишкек шаарынын велоспорт федерациясы уюштурду.

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү
Бишкекте жазгы веложүрүш өттү
Бишкекте жазгы веложүрүш өттү
Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Сүрөттөр: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты