Бишкекте Жаш гвардия жана Медеров көчөлөрүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды
- 1 год мурун
Бишкекте оңдоо-түзөө иштеринен кийин 16-июндан баштап, Бишкекте Жаш гвардия проспектисинин жана Медеров көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Жаш гвардия проспектисинин Чүй проспектисинен Жибек жолу проспектисинин чыгыш тарабынан жол тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды.
Ошондой эле Медеров көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү да унаа кыймылы үчүн ачылды.
Аталган жол тилкелеринде жарыктандыруу, ирригация иштери жүргүзүлө берет.
Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыйгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.
Сүрөт: Бишкек шаар мэриясы
Муну бөлүшүү




