Бишкекте жарандык активист Темирлан Ормуков кармалды

  • 3 месяца мурун

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топко тиешеси болушу мүмкүн деген шек менен жарандык активист Темирлан Ормуков кармалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы Т,О. аттуу жаран кармалганын билдирди.  

Маалыматта 11-январда Октябрь районунун экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы Тик-Токто «@taza_koom» аккаунтунда О. аттуу жарандын видео тасмасы жарыяланып, ал курулуш компанияларга алданып калган жарандарга кайрылып, К.К. атындагы фонд түзүп, уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүнөн жардам сураган.   

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы 261-берене, уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу боюнча кылмыш ишин козгогон

Бул кылмыш иши боюнча 1976-жылы туулган Т.О. кармалган.  Анын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, уюшкан кылмыштуу топ мүчөсүнө тиешелүү делген шакек, ноутбук, эки чөнтөк телефон алынганы айтылат. Т.О. Бишкек шаарынын убактылуу камоочу жайына киргизилген.  

Т.О. инициалы — Темирлан Ормуковдун, К.К.- Камчы Көлбаевдин аты-жөнүнө туура келет

Сүрөт: Бишкек ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты