Бишкекте ысык суу убактылуу өчүрүлөт
- 12 месяцев мурун
Бишкекте 30-июлдан 6-августка чейин Осмонкул көчөсүндө жайгашкан №3 насостук станциясына курулуп жаткан түтүктөрдү жылуулук магистралындагы түтүктөргө кошуу иштерине байланыштуу, жылуулук магистралдарынын белгилүү бир бөлүгү убактылуу өчүрүлөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бул иштер жүргүзүлгөн мезгилде төмөнкү даректерде ысык суу берүү токтотулат:
• Чүй проспектиси, №46, 48, 50, 52, 125, 121 (административдик имарат), 123 (медресе);
• Герцен көчөсү, №95а, 51 (бала бакча);
• Гоголь көчөсү, №109, 111, 113, 107 (бала бакча);
• Суюмбаев көчөсү, №18, 80, 123/1, 73 (РОВД);
• Осмонкул көчөсү, №40б (жеке мектеп), 36 (Улуттук медициналык борбор);
• Киев көчөсү, №1б, 2б.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




