Бишкекте япон барабандарынын шоусу өтөт

  • 3 года мурун

МИКСТУРА арт-фестивалы уланууда. Бул жолу ТЕНДО япон барабандарында ойногон топтун өзгөчө аткаруусу ушул дем алыш күндөрү «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен өткөрүлөт.

Бул тууралуу “Сорос-Кыргызстан” фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Уникалдуу шоу ачык асман алдында, борбордогу Эмен паркында өтөт.

Бул концертке ТЕНДО тобунун мүчөлөрү калаабыздын тургундарын япон барабанынын үнүн угууга жана бийге чакырышат.

Концерттин негизги идеясы — ар түрдүү маданияттарды бир бүтүндүккө бириктирүүгө аракет кылуу, алардын ортосундагы байланышты жана шайкештикти табуу.

Сүрөт: Фонддун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты