Бишкекте вотсап топтор аркылуу интим кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча кылмыш иши козголду
- 4 месяца мурун
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) кылмыш иликтөө башкармалыгы борбор шаарда мыйзамсыз интим кызматтарды көрсөтүүнү уюштурган жашыруун уюшкан топ кармалганын кабарлады. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган топтун иши «Резервная» аттуу жабык WhatsApp-группа аркылуу координацияланып турганы аныкталды. Группада 60тан ашык катышуучу болгон. Бир нече кыз менеджер катары иш алып барса, анын түзүүчүсү болжолдуу маалымат боюнча Кыргызстандын чегинен тышкары жерде жашырынып жүргөн. Группасына кошуу алдын ала төлөм жана сунуштоо жолу менен гана жүргүзүлгөн.
Топтун ичинде коопсуздук, купуялык жана акча алуу боюнча белгилүү эрежелер болгон. Заказ түшкөндөн кийин менеджерлер кардарларга кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп, макулдук алган соң көрсөтүлгөн дарекке чыгарып турушкан. Кармалган учурларда топ толугу менен өчүрүлүп, жаңы номерлер менен кайра түзүлгөн.
Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын алкагында атайын иш-чара жүргүзүлдү. Бишкек шаарындагы сауналардын бирине топтун менеджери тарабынан жөнөтүлгөн үч кыз барган. Алар акчаны алган учур катталып, дароо кармалган. Аныкталган жарандар — 2003-жылы туулган А.А., 2003-жылы туулган К.Н., 1997-жылы туулган И.К., жана 2001-жылы туулган Ш.С., акча каражаттары менен бирге Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.
Баштапкы маалыматка караганда, топтун катышуучулары, кыздар, Бишкектин премиалдык мейманканаларында 300дөн 1000 АКШ долларына чейин бааланган интим кызматтарды көрсөтүп келишкен.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБ тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголду.
Ш.С. аттуу жаранга кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык айып салынып, анын үй-бүлөлүк жагдайлары эске алынып, сот тарабынан үй камагына алуу бөгөт чарасы тандалган.
Тергөө иштери улантылууда.

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттөр: Бишкек ИИББ басма сөз кызматы




