Бишкекте вебкам-студия уюштурууга шектүү топ мүчөлөрү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан интернет аркылуу сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу (вебкам-студия)  жана ага көмөктөшүү боюнча Ч.у.Э., Н.А.К., Р.Б.Р. жана А.к.Ш. аттуу жарандар кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, шектүүлөр Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда батирди ижарага алып келишкени аныкталган. Ал жерлерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, веб-камералар, жарык берүүчү жана компьютердик жабдуулар жана башка техникалык жабдуулар, эротикалык кийимдер жана атрибуттар, ошондой эле сексуалдык мүнөздөгү онлайн көрсөтүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган оюнчуктар табылган.

 Белгилей кетсек, веб-камерага моделдерди кабыл алуу социалдык тармактарда жарнама аркылуу ишке ашырылган. А.С.Н., С.А.С., Т.М.М., А.А.А., М.А.А., Т.М.У аттуу вебкам моделдерине карата административдик чаралар көрүлгөн.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты