Бишкекте токтоп турган унаанын ичинен адамдын сөөгү табылды

  • 2 года мурун

14-январда Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө токтоп турган «BMW X6» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен болжол менен 25-30 жаштардагы эркек кишинин сөөгү табылды.

Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган аймактагы милициянын нөөмөт бөлүмүнө эртең менен көчөдө токтоп турган автоунаанын ичинде жаткан сөөк тууралуу маалымат түшкөн.

Маркумдун ким экени жана 1993-жылы төрөлгөнү аныкталды.

Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн иликтөө-оперативдик тобу барды. Каза болгон адамга карата кандайдыр бир күч колдонуу болгону аныкталган эмес.

Окуя Кылмыш жана жоруктардын реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты