Бишкекте унаа токтотуучу жайларда QR-код аркылуу төлөм жүргүзүүгө болот

  • 12 месяцев мурун

Бишкек шаарында муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар ишканасы тарабынан Ибраимов көчөсүндө, Токтогул жана Москва көчөлөрүнүн аралыгындагы унаа токтотуучу жайында пилоттук долбоор ишке кирди.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Ошентип, (номерди таануу, жайгашкан жерди аныктоо, токтотуунун башталышы жана аяктоо убактысы) унаа токтотуу эрежелерин, төлөмдү жүргүзбөгөндүгү үчүн айыптарды жана башкаларды сүрөттөгөн маалымат белгилери бар унаа токтотуучу жайларды каттоо системалары орнотулган.

Мындан тышкары, төлөм жүргүзүү барагына өтүү үчүн QR-код орнотулган жана аталган тилкеде накталай акчаны кабыл алуу терминалы коюлат.

Калк менен төлөм эрежелери жана жалпы эле унаа токтотуучу жайлардын шарттары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ыктыярчылар иш алып барууда. Алар ошондой эле колдонуучулардан маалымат алып, системаны андан ары өнүктүрүү үчүн тесттен өткөрүшөт.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты