Бишкекте Украинаны колдоо акциясы өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарында Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Украинаны колдоо акциясы өтүп жатат.

«ПолитКлиниканын» кабарчысы акцияга 100го жакын адам келгенин билдирди.

Тынчтык митингине чогулгандар украин элине тилектештигин билдирип, Орусиядан согуштук аракетин токтотууну талап кылышууда.

Орусия Украинага 24-февралдын таңында кол салган. Андан бери Украинанын бир катар аймактарында украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп жатат.

Бишкекте Украинаны колдоо акциясы өтүп жатат
Бишкекте Украинаны колдоо акциясы өтүп жатат
Бишкекте Украинаны колдоо акциясы өтүп жатат
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты