Бишкекте укалоо жайынын атына жамынган сойкукана уюштурулганы ачыкталды
- 2 месяца мурун
Укалоо салонунун атына жамынып, интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана уюштурган КР жараны Д.А.Д. 11-майда кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына киргизилди.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымат таратты.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган укалоочу жайда 8 кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү аныкталды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу дагы башка фактылар аныкталууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү