Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жай иштей баштады  

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Октябрь районунда туруктуу жашаган жери жок кишилер үчүн убактылуу баш калкалоочу жай иштей баштады.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Убактылуу баш калкалоочу жай Аалы Токомбаев көчөсү 1 “а” дарегинде жайгашкан. Ал 82 орунга ылайыкталган.

Мында муздаткыч, телевизор, бардык бөлмөлөрдө кир жуугуч машина, электр плитка жана электр чайнектер бар. Убактылуу баш калкалоочу жайдагыларга бир маал ысык тамак берилет, медициналык текшерүү, документтерди калыбына келтирүү, иш менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлөт.   

 Убактылуу баш калкалоочу жай 2024-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты