Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод декабрда ишке киргизилет

  • 1 месяц мурун

Тиричилик таштандыларын кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу 2025-жылдын декабрында аяктайт.

Бул тууралуу бүгүн, 11-майда, президент Садыр Жапаровдун Бишкек шаарындагы санитардык полигонго барган учурунда белгилүү болгонун президенттин басма сөз кызматы маалымдады.   .

Мамлекет башчыга бул долбоорду ишке ашыруу таштандыларды кайра иштетүү көйгөйүн чечип, кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздай турганы маалымдалды.

Завод суткасына 1 миң тонна таштандыны кайра иштетет, анын кубаттуулугу 30 МВт саат электроэнергия болот. Келечекте кайра иштетүү көлөмүн суткасына 3 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Президент курулуштун мөөнөттөрүн, аткарылган иштердин сапатын жана экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо зарылдыгын белгилеп, долбоорду жүзөгө ашыруу борбор калааны туруктуу өнүктүрүүгө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болорун белгиледи.

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод декабрда ишке киргизилет

2015-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) таштандыны рекультивациялоо жана жаңы полигон куруу демилгесин колдоп, объект 2021-жылдын июнь айында курулуп бүтөрү кабарланган. Жаңы полигондун аймагында таштанды ылгоочу завод куруу да  каралган. Бирок 2021-жылы октябрда ЕРӨБ бөлгөн 22 миллион доллардын 10,5 миллиону гана өздөштүрүлүп, бирок эч кандай иш аткарылбаганы аныкталган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура жаңы санитардык полигон жана таштанды ылгоочу завод куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. 

Мэрия борбордо таштанды заводун куруу планы тууралуу 2017-жылдан бери билдирип келет.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты