Бишкекте таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
- 3 года мурун
27-31-июль күндөрү Бишкек шаарында таэквондо (GTF) боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында дүйнө чемпионаты өтөт.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Буга чейин таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте 24-31-июль күндөрү өтөөрү айтылган, ал 27-июлга жылдырылганы белгилүү болду.
Мелдешке жалпы 20 өлкөдөн 1500дөн ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстандын атынан 61 спортчу күч сынашат.
Муну бөлүшүү




