Бишкекте түркиялык тасмалар жумалыгы башталды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 16- октябрда, Бишкекте «Манас» кинотеатрында «V Түрк тасмаларынын жумалыгы” ачылды.

Расмий ачылыш КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат

Жаманкулов жана Түркиянын элчиси Ахмат Садык Догандын катышуусу менен өттү.

Жумалык режиссер Мехмет Ада Өзтекинин “7- камерадагы мужиза” тасмасын көрсөтүү менен башталды.

Жумалык 2021-жылдын 16-20-октябрында «Манас» кинотеатрында өтүп, тасмалар акысыз көрсөтүлөт.

Көрсөтүлө турган тасмалар:

1. “7-камерадагы мужиза”

2. “Баскетбол шакекчеси”

3. “Маузер”

4. “Сүйүүнүн өмүрү”

5. “Мадыра баштар: Киндик-Төбө” (анимациялык фильм)

6. Өмүр жана биз

Жумалык Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин алдындагы кинематография департаментинин жана Түркия элчилигинин колдоосу менен “Йерли Дүшүнже” ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Cүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы

 

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты