Бишкекте ичүүчү суунун баасы көтөрүлөт

  • 1 месяц мурун

Бишкекте ичүүчү суунун баасы көтөрүлөт. Бул тууралуу борбор шаардын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн, 17-апрелде, «Биринчи радионун» таңкы түз эфирине берген маегинде айтты.

-Бишкек шаары борбор болгону менен, эгер республиканын ичинен карасак дагы, эң төмөн тарифтер бизде. Мына, таштандыны ала турган болсок, 41 сом бул эң төмөн тариф, жакынкы шаарларды карасак, алардыкы 50 сомдон 60 сомго чейин жогору турат. Бирок Бишкек шаарында тарифтерди көтөрүү маселеси турбайт. Биз бир  гана таза суу маселеси боюнча турат, себеп дегенде биз бир кубга 10 сом 45 тыйын. Бир литри бир тыйындай болуп калып атат да. Ошондуктан биз ошол жерин карап жатабыз, башка коммуналдык төлөмдөрдү жогорулатабыз деген иш-аракет жок, -деди Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.  

Бишкек шаарынын мэри ичүүчү суунун тарифи канча сом болорун жана качан көтөрүлө турганын айткан жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты